Тажикстандан коон ташып келе жаткан жаран кармалды

Тажикстандан коон ташып келе жаткан жаран кармалды

Баткенде мыйзамсыз жүк ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-июнда Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Кольцо” стационардык постунда Лейлек районунун Кулунду айылынан Раззаков шаарына келе жаткан Кыргызстандын  А.Э.А. аттуу жаранынын башкаруусундагы “Опел” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Бирок, айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин унааны токтотуу талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылган.

Көрүлгөн чаралардан улам унаа кармалып, айдоочуга административдик протокол түзүлгөн. Унааны кароо учурунда ичинен Тажикстандан мыйзамсыз алынып келинген 250 даана коон чыккан.

Тиешелүү чараларды көрүү үчүн унаа жүгү менен бирге бажы органдарына өткөрүлүп берилген. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>