Бишкекте түрк ишкерге кол салып, үйүн тоногондор колго түштү

Бишкекте түрк ишкерге кол салып, үйүн тоногондор колго түштү

Чүй облусунун аймагынан каракчылыкка шектүү эки адам кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 28-майга караган түнү Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде саат 01:00 чамасында каракчылык  жасалган. Белгисиз адамдар башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында Түркиядан келген 57 жаштагы ишкер О.Ч. жашаган үйгө кирип келишкен. Кылмышкерлер күч колдонуп, ишкерди таяк менен сабашкан, андан кийин 60 миң сомдон ашык акча жана башка баалуу буюмдарды ээлеп алышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышкерлер дарбазадан секирип кирип, андан кийин короодогу электр жарыгын өчүрүшкөн. Ошол учурда жабырлануучу короого чыкканда, ага кол салышкан.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, Биринчи май РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-пунктунун 3-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин негизинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Экинчи башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан карактап кол салган адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча масштабдуу ыкчам-издөө иш-чаралары өткөрүлдү.

Маалым болгондой, бул кылмышка мурда соттолгон адамдар катышкан. 6-июнь күнү эки шектүү Жайыл районунун аймагынан кармалган. Алар Ош облусунун Ноокат районунда 1999-жылы туулган А. уулу С. менен А.уулу А.. аттуу жарандар болгон.

Шектүулөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  Жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>