Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворухка келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворухка келди

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы Ворухка келди.

Тажик басылмалары маалымдагандай, президент Рахмон стадион менен маданий борбордун ачылышында болуп, айыл чарба азыктарынын жана кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүнө катышты. 9-апрелде түштөн кийин ал ворухтук тургундар менен жолугушуп, сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон курамына Ворух да кирген Согди облусунда 7-апрелден бери жумушчу сапар менен жүрөт.

Тажик президентинин аймакка сапары коңшулаш Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чек ара тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин болду. Камчыбек Ташиев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргызстандык делегацияны жетектейт. Ал 26-марттагы маалымат жыйынында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны чечүү үчүн Ворух анклавын Баткендеги башка аймактан 12 миң гектар жерге алмаштырууга даяр экенин, бул сунуш тажик бийлигине берилгенин маалымдаган.

Ташиевдин билдирүүсүнө расмий Душанбе азырынча жооп кайтара элек. Социалдык тармактарда Ворухту алмаштырууга каршы пикирлер жазылган.

Ворух анклавы Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымдан ашуун. Азырынча чек ара сызыгынын 60% гана такталган. Чектеш аймактарда жер, суу, жайыт жана башка маселелерден улам чыр-чатак бат-бат катталып турат. Эки тараптан ок атылып, адам өлүмү болгон учурлар да бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>