Тажиктердин огуна учкан Мадинаны атасы жалгыз акыркы сапарга узатты

Тажиктердин огуна учкан Мадинаны атасы жалгыз акыркы сапарга узатты

Баткенде тажикстандык аскерлердин аткылоосунан каза болгон окуучу кыз, Лейлектин Интернационал айылынын тургуну Мадина Рахматжанова кечээ, 30-апрелде акыркы сапарга узатылды.

Ал болгону 12 гана жашта болчу.

Мадина Рахматжанованын атасы Наимжан Абдуллов кызын акыркы сапарга узатуу үчүн моргдон алып келгенин билдирди.

Мадина 29-апрелде таңга маал каза болгон. Ага апасы, сиңдиси болуп качып бара жаткан учурда ок тийген. Учурда апасы менен сиңдиси Бишкекте ооруканада. Ал эми Мадинаны атасы жалгыз акыркы сапарга узатты.

«Мадина орозо кармап жаткан, курман болгон күнү дагы оозу бек болчу. Мадина беш маал намаз окуган, мектепте зирек кыздардан болчу», — дейт кыздын атасы.

Reporter.kg’нин жалпы жамааты Мадинанын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл ачып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Мадина Рахматжанованын апасы менен сиңдисине Бишкекте операция жасалганы белгилүү болду. Алардын абалы турукташып калганын Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабеков билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>