«Технополис» өнөр жай аймагынын курулушун баштоо үчүн капсула салынды

«Технополис» өнөр жай аймагынын курулушун баштоо үчүн капсула салынды

Текстиль жана тигүү өндүрүшү боюнча «Технополис» өнөр жай аймагынын өнөр жай объектилеринин курулушун баштоо үчүн капсула салынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусундагы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы “Технополис” өнөр жай зонасынында текстиль жана тигүү өндүрүштү уюштуруу жана өнөр жай объекттердин долбоорлорун курууну баштоо үчүн капсуланы салуу салтанаттуу аземи болуп өттү. Ал “Легпром” жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы тарабынан ишке ашырылат.

Технополистин аймагында 11 тигүү өндүрүштүк объект уюштурулат, ошондой эле “Технополис” долбоорунун катышуучулары тарабынан текстиль өндүрүшүн жана ага байланыштуу товарларды уюштуруу боюнча маселе иштелип чыгууда.

“Технополис” долбоорун ишке ашыруусу өнөр жай өндүрүшүн диверсификациялоону болжолдойт, өндүрүштө эл аралык стандарттарды киргизүү, дүйнөлүк бренддердин заказдарын алуу, кайра иштетилүүчү чийки заттардын көлөмдөрүн эсепке алуунун ачыктыгын камсыздоо жана ири буйрутмаларды чыгарууга мүмкүндүк берүүчү өндүрүштүк кубаттуулуктарды концентрациялоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Бул иш-чарага Кыргыз Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыш Макешов, “Кыргызиндустрия” ААКнын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Военно-Антоновка айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаттары, Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы катышышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>