Текебаевдин иши боюнча күбө Леоинид Маевский Орусияда соттолду

Текебаевдин иши боюнча күбө Леоинид Маевский Орусияда соттолду

Бейшемби күнү Москванын Мещанский райондук соту Леонид Маевскийге 11 жылга катуу режимдеги колонияга кескен өкүм чыгарды. Бул туурасында «Коммерсант» жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, ал “Alfa Group” жана “A1” компаниясынын акционерлери Михаил Фридман, Петр Авенден, ошондой эле жакында Альфа Банктын ээлигинен чыккан Герман Хандан 37,5 миллион доллар талап кылган деп айыпталып жатат. Майевскийге жардам берген юрист Владимир Афонкин менен “Unitile” холдингинин мурдагы басма сөз катчысы Максим Букин ар бири 10 жыл мөөнөткө жаза алмай болду.

«Афонкин, Маевский, Букин опузалап акча талап кылуу, башкача айтканда, “жабырлануучулардын абийирине шек келтирүүчү жана алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтире турган маалыматтарды таратамын”- деп коркутуу менен башка бирөөнүн мүлкүн өткөрүп берүүнү талап кылышкан», — деп айтылат өкүмдө.

Белгилей кетсек, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ишинде Маевский негизги күбө катары болуп, кийин анын айткандары жалганга чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>