«Одни отговорки». Садырбаева раскритиковала Минсельхоз из-за сбыта картофеляТакси айдоочулары менен курьерлерден 7 айда 462 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмү түштүКубат Рахимов: санкциялар Кыргызстандын эсептешүү хабы катары калыптанганын тааныгандык болдуЫсык-Көлдө Махмуд Кашгари Барсканиге арналган туруктуу экспозиция ачылатАйыл чарба министрлиги жергиликтүү тоюттан балык кырылды деген маалыматты четке кактыКыргызстанда картошка ташып келүүгө жарым жылга тыюу салуу пландалууда
Текшерүүнүн жыйынтыгында “Tez Jet” авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды — ЖАМА
10.07.2026 | 11:56

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (ЖАМА) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында “Tez Jet” авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгарды.
Эскерте кетсек, 7-июлда “Tez Jet” авиакомпаниясынын Бишкек — Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан учагы шассисинин бузулушунан улам уча албай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын бортунда 181 жүргүнчү, анын ичинде 18 бала болгон. Эч ким жабыркаган эмес.
Агенттиктин маалыматы боюнча, текшерүү учурунда Кыргызстандын авиациялык мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу фактылары аныкталган, алар учуу коопсуздугун камсыздоого түздөн-түз таасирин тийгизет.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде авиакомпаниянын лицензиясын жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.
«Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги авиакомпаниянын аталышына, тарыхына, бизнесинин масштабына же рыноктогу ордуна карабастан, эгерде анын ишмердүүлүгү учуу коопсуздугуна коркунуч жаратса, каалаган эксплуатантка карата мындан ары да принципиалдуу жана катаал чечимдерди кабыл алат», — деп белгилешти мамлекеттик агенттиктен.
Анара Мамытова
Рубрики: Жаңылыктар