Телефон тоноого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Телефон тоноого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды

Милиция кызматкерлери уюлдук телефон тоноого шектүү катары 18 жаштагы жигитти кармады.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын 6-январында болжол менен саат 2:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Чүй жана Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде уюлдук телефон тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2003-жылы туулган Н.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен болжол менен саат 2:30 чамасында белгисиз жарандар “Редми 9” үлгүсундөгу уюлдук телефонун ачык түрдө күч колдонуп тартып алган. Андан ары белгисиз тарапка качып кетишкен.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 2003-жылы туулган И.Б. жана А.Ы. аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук Тергөө кызматына өткөрүшүп, беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>