Telegram аркылуу баңгизатты криптовалютага саткандар кармалды

Telegram аркылуу баңгизатты криптовалютага саткандар кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте АКШдан “марихуана” баңгизатын туруктуу негизде ташып келип жүргөн улуттар аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 285-282-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “баңги каражаттарын көзөмөлдөп жеткирүү” боюнча атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө 25-январь күнү Бишкек шаарындагы ири дүкөндөрдүн биринин жанынан көзөмөлдөнгөн баңгизаттарды алуу учурунда эки жаран И.А. жана А.А. кармалды.

Мындан аркы иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында, кармалган жарандар 2022-жылдын ортосунан баштап Telegram мессенджери аркылуу бангизаттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучулары экендиги аныкталган. Бул интернет-дүкөндүн 377 активдүү катталуучусу бар болгон.

Сатып алуучулар тарабынан төлөм акылары ар кандай электрондук капчыктар аркылуу криптовалюта түрүндө жүргүзүлүп келген.

“Белгилеп кетүү керек, бул баңгизаттардын партиясынын орто эсеп менен баасы 1 килограмм үчүн 30 000 АКШ доллары турат. Баңгизаттарды Кыргызстанга ташып келүү эл аралык почта компаниялары аркылуу жүргүзүлгөн. Кармалган жарандардын биринин батирин баңгизаттарды сактоо жана таңгактоо үчүн интернет-дүкөн катары колдонушкан”, — деп айтылат маалыматта.

Тинтүү учурунда колдонууга даяр болгон баңгизаттардын бир бөлүгү, ошондой эле аларды сактоону, жашырууну андан ары ишке ашыруу үчүн идиштер табылып алынган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 2 килограмм 099 граммды түздү.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына 2 айга камалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>