Яндекс таксинин кеңсесине коркутуу болду. Милиция эмне дейт? (видео)

Яндекс таксинин кеңсесине коркутуу болду. Милиция эмне дейт? (видео)

Токмок шаарында жаңы ачылган Яндекс Go такси кызматынын кеңсесине коркутуулар болду. Бул тууралуу Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 26-январда Яндекс Go’дун кеңсесине бир нече адам келип, ишин токтотууну талап кылып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсени өрттөп кетерин айтып коркуткан, алардын арасында шаардык кеңештин депутаттары бар.

«Мага жөнөткөн видеодон Токмок шаарынын мэри Самаевдин (Урмат Самаев – ред.) тарапташтарын – шаардык кеңештин депутаттары Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимовду жана анын бир тууганы, «Люкс» таксисинин ээси Саид Абраимовду тааныдым», — деп жазган ал.

Анын айтымында, бул окуя боюнча жабырлануучу милицияга арыз жазган.

Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Г.Е. аттуу жаран кайрылган.

Ал арызында билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 16:00до белгисиз 6-7 жаран (өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырган) Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган.

Аталган факт Свердлов райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн.

«Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’дун Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан. Учурда материалдар боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин нормаларына ылайык чечим кабыл алынат»,  -деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>