Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Темир Сариев парламенттик шайлоого катышпайт
24.08.2020 | 09:28
«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу саясатчы кечээ, 23-августта шайлоочуларына болгон кайрылуусунда билдирди.
Темир Сариев мындай чечиминин себебин ачыкка чыгарган жок.
«Бул чечим мага оңой келген жок. Түшүндүрүү кыйын. Эч кимди күнөөлөбөйм. Күнөө менде. Менин принциптеримде. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат. Тилдешет, сындашат. Чындыкка жатпаган сөздөр да айтылат. Мен мунун баарын көтөрүүгө даярмын», – деген саясатчы.
Сариев өзүнө ишеним арткан бардык шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, кечирим сурады.
Мындан сырткары мындан ары ишкерлигин улантып, коомдук иштер менен алек болорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат