“Теңирберди” тасмасы Бангладештеги кинофестивалда көрсөтүлөт

“Теңирберди” тасмасы Бангладештеги кинофестивалда көрсөтүлөт

Кыргызстандык режиссер Асель Жураеванын “Теңирберди” тасмасы Бангладештин борбору Даккадагы кинофестивалга катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Фестиваль 20-28-январда өтөт. Асель Жураеванын тасмасы фестивалдын Азия сынагы бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Мыкты аталган тасманы тарткандарга статуэтка, сертификат жана 1 миң доллар акчалай сыйлык берилет. Андан тышкары “мыкты режиссер”, “мыкты актер”, “мыкты актер айым”, “мыкты сценарий”, “мыкты оператор” номинациясын жеңгендерге статуэтка менен сертификат тапшырылат. Бул фестиваль 1971-жылдан бери өткөрүлүп келет.

“Теңирберди” тасмасынын сценарийин режиссерлор Темир Бирназаров менен Асель Жураева жазган. Тасманын оператору – Караш Жанышов.

Башкы ролдордо: Гүлайым Каниметова менен Токтосун Арзыгулов, Жеңиш Сманов, Күлчоро Сыдыков, Калипа Таштанова. Наристенин ролунда — Кутмидин Эркебеков. Баланын чоң курактагы ролун Султан Сыртбаев аткарган.

Тасма тууралуу: Чакан айылда жашаган жашы 70теги, ден соолугу начар абышка менен кемпирдин үйүнүн алдына белгисиз адамдар 6 айлык баланы таштап кетишет. Алгач алар баланы бийлик органдарына өткөрүп берүүнү ойлонуштурат. Бирок балдардын органдары сатылып жатканы тууралуу окуяны угуп, наристени өздөрүнө алып калышат. Баланы камкордугуна алган абышка менен кемпирдин жашоосу түп-тамырынан өзгөрөт. Алардын жашоого болгон кызыгуусу артат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>