Бишкектеги балдар ооруканасында 2 жашар наристе чарчап калды

Бишкектеги балдар ооруканасында 2 жашар наристе чарчап калды

Бишкектеги №3 балдар ооруканасындагы 2 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-январда милицияга М.А. аттуу жаран кайрылып, аталган оорукандагы медицина кызматкерлери ишин туура эмес аткаргандыктан, 2021-жылы туулган уулу каза болуп калганын билдирген.

Бул фактыга байланыштуу милиция териштирүү иштерин баштап, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарга Кайыргүл аттуу келиндин №3 балдар ооруканасынын дарыгерлеринин шалаакылыгынын айынан 2 жаштагы баласы каза болгону тууралуу билдирүүсү чыккан. Анын айтымында, уулунун дене табы көтөрүлгөндүктөн, аны балдар ооруканасына алып барган. Наристени дарыгерлерге тапшыргандан кийин эки саат өткөн соң оорукананын кызматкерлери баланын ата-энесине уулу чарчап калганын айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>