TikTok аркылуу миллионер болгон жаштар

TikTok аркылуу миллионер болгон жаштар

Forbes журналы TikTok социалдык тармагы аркылуу эң көп киреше тапкан блогерлердин тизмесин жарыялады.

1. Рахим Абрамов, 22 жашта. Ал Өзбекстанда туулган. Анын барактасында 9,5 млн катталуучу бар. Бир жылдык кирешеси 10,47 млн рубль. Алгач досу менен вайндарды тарта баштап, бир жылда 300 000 катталуучу топтогон. Андан кийин анын TikTok баракчасы ага айына 100 000 рубль алып келген.  Instagram баракчасына пост жарыялоо акысы 600 000 — 700 000 рубль турган. Учурда ал чоң долбоорлор менен гана иштешүүдө.

2. Дина Саева, 21 жашта. Ал Тажикистанда туулган. Анда 16,4 млн катталуучу бар. Бир жылдык кирешеси 4,93 млн рубль. Улуттук колорит аркылуу тактап айтканда Борбордук Азия жана Кавказ элинин музыкаларынын коштоосундагы бийлери анын негизги кирешесин түзгөн. 16 миллиондон ашык аудитория блогерге айына 800 000 рубль киреше алып келет.

3. Алексей Савко, 23 жашта. TikTok баракчасында 6,5 млн катталуучусу бар. Бир жылдык кирешеси 4,81 млн рублду түзөт. Анын 136 сантиметр боюу көпчүлүктүн көңүлүн бурдурат. 13 жашынан баштап ал рэп окуп, спорт менен машыга баштаган. Кийин актерлук тармагында билим алган. Алгач  Instagram баракчасында күлкүлүү видеолорду жарыялап, андан кийин «ПЦ» долбоору менен келишим түзүп, TikTok баракчасы аркылуу тааныла баштаган. Бир жылда 3,6 млн катталуучу топтоп, 2019-жылы аны Forbes дүйнөдөгү эң перспективдүү жаш жылдыздардын катарына кошкон.

4. Валя Карнавал, 18 жашта. 9,1 млн катталуучусу бар. Бир жылдык кирешеси  3,21 млн рублду түзөт. Ал TikTok баракчасына күлкүлүү роликтерди тартып жайгаштырып, бир жылда 350 000 катталуучу чогулткан.  2020-жылы Карнаухова ТНТ каналындагы «Отпуск» сериалына катышып, музыкалык карьерасын баштаган. Анын «Психушка» деген клиби 8,2 млн көрүүчүнү топтогон.

5. Даня Милохин, 18 жашта. 8,6 млн катталуучусу бар.  Бир жылдык кирешеси — 2,87 млн рубль. Ал 3 жашынан баштап балдар үйүндө чоңойгон. TikTok баракчасына 2019 -жылы 700 000 катталуучу топтогон. Изоляция учурунда ал ырдап баштап, анын “Мен үйдөмүн” деген биринчи ыры миллиондогон көрүүчүлөрдү алып келип, шоу бизнеске аралашкан. Кийин ал Тимати, Жиган жана Николай Басков менен чогуу ыр жаздырган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: миллионер

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>