Кыргызстанда бир эле учурда 61 өнөр жай ишканасы ишке киргизилдиЖалал-Абад облусунда 57 млн тонна көмүр кору бар кен ачылдыБишкекте бир катар уурулуктарга шектүүлөр кармалды — жети учур аныкталдыБекешев: Акчаңызды эч ким көбөйтүп бербейт — алар аны тартып алууну гана көздөшөтОкуу 15-сентябрдан башталат: Бишкек мэриясы окуучулардын ата-энелерине кайрылдыЕкатеринбургга Эл аралык жаштар фестивалына 200гө жакын кыргызстандык келди
TikTok Орусияда ишин токтотту
07.03.2022 | 10:44
Кытайдын TikTok социалдык тармагы Орусияда фейк боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин ишмердүүлүгүн токтоткондугун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости компаниянын Твиттердеги билдирүүсүнө таянуу менен билдирди.
«Биздин эң башкы приоритетибиз кызматкерлерибиздин жана колдонуучуларыбыздын коопсуздугу жана Орусиянын жаңы «фейк жаңылыктар» мыйзамына ылайык, биз видео кызматыбызга түз ободо көрсөтүүнү жана жаңы мазмунду жарыялоону токтотуудан башка аргабыз жок», – деп жазылат маалыматта.
Компания билдирүүлөр кызматына таасир этпей турганын белгиледи. ТикТок социалдык тармагы толугу менен жабылар же жабылбасы азырынча белгисиз. Бул Орусиядагы азыркы кырдаалга байланыштуу өзгөрүүлөр болот.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар