Тил кесмек жок: Депутаттар Адахан Мадумаровго болушуп чыгышты

Тил кесмек жок: Депутаттар Адахан Мадумаровго болушуп чыгышты

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышынан кийин депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Балбак Түлөбаев кесиптешине болушуп чыгышты.

Мирлан Самыйкожо кесиптештерин Адахан Мадумаровго сөз берүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө үндөп, бул сунушту кайра добушка коюуну өтүндү.

“Келгиле, адилеттүү бололу. Адахан Мадумаров биздин кесиптешибиз. Ал дагы адам. Жооп берейин деген өтүнүчүн четке какпашыбыз керек. Анын тилин кесип, сүйлөтпөй коюуга себепкер болбойлу”, — деди депутат.

Ал эми Балбак Түлөбаев парламентте ар ким өзүнүн пикирин айтууга укуктуу экенин билдирди.

“Сын пикирге чыдамдуу бололу. Ким биринчи сөз айтса эле ошонун сөзүн колдоп калбайлы. Оппозициянын оозун жаппаш керек. Байсаловдун оозун жаптык, эми Мадумаровду дагы сүйлөтпөй коелубу? Баарына мүмкүнчүлүк берүү керек”, — деди ал.

Тэги: депутат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>