Колуңду сындырам! Парламентте Мадумаров менен Ташиев уруша кетти

Колуңду сындырам! Парламентте Мадумаров менен Ташиев уруша кетти

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин өкүлдөрү аткарылган иштер боюнча маалымат берүүнү башташты. Алгач УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев трибунага чыкты.

Ал өз сөзүндө депутат А.Мадумаров тарабынан парламентте УКМКнын кызматкерлерине бир нече ирет сын пикир айтылганына токтолду.

“УКМКнын кызматкерлери элдин канын соруп, жон-терисин шылып жатат деген таризде депутат Мадумаров тарабынан бир нече жолу айтылды. Ал эч кандай фактыларга таянбастан, жөндөн жөн, өзүнүн саясий амбициясын канааттандыруу үчүн айтууда. Ушундай аракеттериңизди токтотпосоңуз, сиз контрабанда менен алектенген адамдарды кантип жаап-жашырып, кимге “крыша” болуп жүргөнүңүздү ачык айтам”, — деди Камчыбек Ташиев.

Өз кезегинде Адахан Мадумаров парламенттин жыйынан кыйкырганда, Ташиев ага: «Ким менен кайсыл жерде эмне кылып жүргөнүңүздү, кайсыл контрабандачы менен жолукканыңызды айтып берем. Унчукпай отуруп туруңуз», — деп Мадумаровго жооп кайтарды.

Мадумаров Ташиевге жооп берүү үчүн эки мүнөттүк убакыт сурап, анын сунушу депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.

Мындан улам Ташиев: “Ошон үчүн азыраак сүйлөш керек. Колуңду кезебе, сындырып коем. Буга чейин депутаттар макулдук бербей, камалбай калдың. Эгерде мен башкы прокурор болгондо эчак камалмаксың. Бул кишинин “көрсөтөм” дегенинде жөн бар. Менде оперативдүү маалыматтар бар. Булар мамлекетте тополоң уюштуруп, бийликти алмаштырууга аракет кылып жатат. Ушул иш боюнча жакында бир тууганыңыз камалса, дагы кыйкырып чыгасыз”, — деди Ташиев.

Ал эми Адахан Мадумаровдун: “Сөздү бурмалабагыла, силер сөздү түшүнө албайсыңар. Мен “крыша” болуп жаткан адамдардын баарын четинен камагыла. Мен силерге окшоп, төңкөрүш кылам деп тосмодон секирген эмесмин”, — деген жообуна Ташиев: “Сени кошуп камайбыз, төңкөрүш кылгандын алдында өзүң кошо жок болосуң”, — деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>