Тилек Токтогазиев орун басарын кызматтан алды. Анын ордуна кимди алды?

Тилек Токтогазиев орун басарын кызматтан алды. Анын ордуна кимди алды?

Айыл-чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин орун басары Амангелди Исаев кызматтан кетип, анын ордуна Бермет Турсалиева дайындалды. Бул тууралуу Тилек Токтогазиев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Токтогазиевдин айтымында министрликтин тарыхында алгачкы ирет аял киши министрдин орун басары болуп жатат.

«Айыл-чарба министрдин жаңы орун басары менен таанышып алгыла — Бермет Турсалиева !

Айыл чарба министрлиги — чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Реформаларды жасаш үчүн күчтүү команда керек. Бермет айым, сиз Министрликке жаратмандык маданиятты алып келип, көп-көп прогрессивдүү жаңы долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишенем. Элибиз үчүн чогу кызмат кылалы. Элибиздин батасын чогу чогулталы», — деп жазган айыл чарба министри.

Белгилей кетсек, Бермет Турсалиева мурда бир дагы мамлекеттик органда иштеген эмес. Ал айыл-чарба тармагында бир топ иштерди алып барчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>