Түрк мамлекеттери кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташууну күчөтөтКыргыздын улуттук суусундуктары Өзбекстандын базарына чыгатКыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылатЖКда чет элдиктер кыймылсыз мүлк сатып алганда жерге ээлик кылуусуна тыюу салуу сунушталуудаБишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдеттиКыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан ашты
ТИМ кыргызстандыктарды Ливандан чыгып кетүүнү өтүндү
20.10.2023 | 21:05
Аскердик-саясий кырдаалдын туруксуздугуна жана Палестина-Израиль чатагынын андан ары курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Ливандан чыгып кетүүнү, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан жабыркаган өлкөлөргө баруудан баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
«Министрлик ошондой эле Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын туруктуу каттамдар менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырат», – деп билдиришти ведомстводон.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын жарандары өзгөчө кырдаалдар же шашылыш суроолор боюнча министрликтин консулдук башкармалыгынын ишеним телефонуна: +996 (999) 312 002 номери боюнча кайрылса болорун эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар