Кытай Кыргызстандын эгемендигине эч качан шек келтирген эмес, — ТИМ

Кытай Кыргызстандын эгемендигине эч качан шек келтирген эмес, — ТИМ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шайдын постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендиги тууралуу билдирүүсү боюнча Reporter.kg’ге комментарий берди.

Элчи Лу Шай 21-апрелде Франциянын телеканалдарынын бириндеги маегинде, мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген билдирүү жасаган. Ал журналисттин Крым тууралуу суроосуна жооп берип жатып «мурда Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн эгемен өлкө деген макамын так көрсөткөн эл аралык макулдашуу болбогондуктан, азыркы эл аралык укукта алардын макамы жок» деп айткан.

Элчинин билдирүүсүнөн кийин мурда Советтер Союзуна кирген Эстония, Литва, Латвиянын ТИМ башчылары анын сөзүн сындап чыккан.

Ошол эле учурда, Кытайдын Франциядагы элчисинин билдирүүсүнө Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын расмий органдары эч кандай реакция жасаган эмес. Буга  байланыштуу 24-апрелде Reporter.kg Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Бүгүн, 26-апрелде редакциябызга министрликтен жооп келди.

Министрлик өзүнүн жообунда Кытайдын ТИМинин расмий өкүлү Мао Ниндин 24-апрелдеги билдирүүсүнө токтолгон. Анда Мао Нин Кытай постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигин урматтай тургандыгын билдирген.

«Советтер Союзу тарагандан кийин Кытай тиешелүү (мурда СССРге кирген – ред.) өлкөлөр менен дипломатиялык алаканы түзгөн алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон. Дипломатиялык алака түзүлгөндөн тарта Кытай эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн өз ара сый-урмат принциптерин карманып келет. Кытай Советтер Союзу тарагандан кийинки республикалардын эгемен макамын сыйлайт.

Советтер Союзу федеративдүү мамлекет болуп, эл аралык укуктун субъекти катары макамы бар болгон. Бул жагдай, Советтер Союзу тарагандан кийин (мурда СССРге кирген – ред.) республикалардын эгемен мамлекет макамы бар экенин жокко чыгарбайт», — деп билдирген Мао Нин.

Аны менен бирге Кытайдын ТИМинин өкүлү постсоветтик өлкөлөр БУУга мүчө болуп киргенин, аталган уюмга эгемен мамлекеттер гана кире аларын белгилеген.

Кыргызстандын ТИМи билдирүүсүндө, Кытай алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, 1992-жылы 5-январда дипломатиялык алака түзгөнүн белгилеп өткөн.

«Дипломатиялык мамиле түзүлгөндөн кийин 31 жыл аралыгында Кытай Кыргызстандын эл аралык укуктун субъекти жана эгемен мамлекет катары макамына шек келтирген эмес. Кытайдын ТИМи КЭРдин тышкы саясатын жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Алынган маалымат боюнча, «Кытайдын Франциядагы элчилиги белгилегендей, элчинин билдирүүсү «ашыкча талкууга алынбашы керек жана Кытайдын саясий билдирүүсү болуп саналбайт», — деп билдирет Кыргызстандын ТИМи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>