Тимур Файзиев кайра акча төлөп, камактан чыкканы кабарланды

Тимур Файзиев кайра акча төлөп, камактан чыкканы кабарланды

Elite House курулуш компаниясынын башкы директору Тимур Файзиев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Файзиевдин бөгөт чарасы 29-майда Октябрь райондук сотунда каралып, тергөө тобунун өтүнүчү боюнча ал үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле анын бөгөт чарасы 4-июлга чейин узартылган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, алдын ала маалымат боюнча Файзиев мамлекеттин эсебине 3 млн доллар төлөп берген.

Ал былтыр октябрда «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча шектелип кармалган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Тимур Файзиевге кылмыш иши козголуп, кийин токтотулган. Анда «коррупцияга» шектелген ишкер мамлекеттин эсебине 2 млн доллар төлөгөнү кабарланган.

Ишкер Тимур Файзиев кайра кармалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>