Тимур Мадяров Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары болду (өмүр баяны)

12.05.2022 | 15:07

Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматына Мадяров Тимур Мысырович дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Тимур Мадяров 1978-жылы 20-июлда Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айылында туулган. Жогорку билимдүү: 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “юриспруденция” адистигин бүтүргөн. Атайын наамы – Финансы полициясынын полковниги. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы класстык чендеги кеңешчиси.

Эмгек жолу:

– 2000-2008-жылдары — финансы (салык) полициясында ар кандай оперативдүү-тергөө жетекчилик кызматтарда кызмат өтөгөн: тергөө башкармалыгынын (КР СФП) начальниги;

-2008-2010-жылдары — Президенттин Администрациясы – эксперт;

– 2010-2015-жылдары — Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы – төраганын аппарат жетекчиси; эл аралык кызматташтык кызматынын жетекчиси; Штабдын начальниги;

– 2015-2018-жылдары  — Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы), Ыкчам башкармалыгынын начальниги; Штабдын начальниги;

– 2018-2020-жылдары  — «Айыл Банк» ААК – аудитор; комплаенс кызматкери;

– 2020-2021 — Өкмөттүн Аппараты, чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн катчылыгынын эксперти;

– 2021-2022-жылдары — Президенттин Администрациясы, региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы; Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын инспектору;

– 2022-жылдын 27-апрелинен баштап Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Scroll to Top