Жолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктадыУрмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
Тогуз-Тородо “ХОВО” менен “Ауди” кагышып 8 адам каза болду, – сүрөт
04.09.2020 | 12:45
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан 8 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-сентябрь күнү саат 09:00 чамасында Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Тагай тилкесинде болгон. Анда “Ауди А6” үлгүсүндөгү унаа менен “ХОВО” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болгон, 6 эркек, 2 аял (аты-жөндөрү такталууда).
Окуя болгон жерге барган ӨКМнын куткаруучулары каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
[su_image_carousel source=”media: 39923,39924″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар