Тойдум силердин убадаңарга. Депутат министрликтин өкүлүн зекиди — видео

Тойдум силердин убадаңарга. Депутат министрликтин өкүлүн зекиди — видео

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков Каржы министрлигинин ишин сынга алды.

Жыйында депутат Улукбек Ормонов Өзгөн — Өзгөрүш жолунун курулушу качан бүткөрүлөрүнө кызыкты.

“Көчмө жыйындар боюнча ырааттуу жооптордун жоктугу өкүндүрөт. Транспорт министрлиги көчмө жыйында каралган маселелердин канчасы чечилери боюнча так жооп берсе бизге жакшы болмок. Буга чейин биз макулдашкан пунктар жок экен. Өзгөн — Өзгөрүш жолунун 1 чакырымы жасалбай жатат. Ал былтыркы жылдын планына киргизилген. Бирок, азыркыга чейин бүтө элек”, — деди Ормонов.

Өз кезегинде транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Өсөев бул маселени тактап туруп, жооп берерин билдирди.

Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков каржы министрлигинин өкүлүнө кайрылып, каражатты бөлүштүрүү укугун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү керектигин айтты.

“Мектептин же жолдун абалын силер билесиңерби? Коррупциялык схемалардын бары каржы министрлигинде. Ушул боюнча башкармалыктын канча башчысы отурду. Токтотпойсуңарбы ушундай жаман практикаңарды. Укукукту өздөрүнө бербейсиңерби, каражатты өздөрү бөлүштүрүшү керек. Силер каржы булактарын издегиле. Бир жылдан бери айтып келе жатабыз. Көчмө жыйынга барып келели деп чакырсак, каадаланасыңар. Тойдум силердин убадаңарга. Эл бизден сурап жатат, силерден сураган жок. Биз жаман атты көрүнүп жатабыз. Ким жакшы, өкмөт жакшы”, — деди депутат.

Ал эми Улукбек Ормонов Өзгөн районунда жүргөн көчкүдөн кийин дамба жана көпүрө куруу иштерин жүргүзүү керектигин айтып, бул багытта аткарылып жаткан иштерге кызыкты.

Жыйынга катышып жаткан ӨКМдин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов өзү көчмө жыйынга катышканын жана дамба жана көпүрө куруу маселеси 2023-жылдын планына киргизилгенин айтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>