Журат Абдуллаевдин иши: Мамлекетке 800 млн сому алынды

Журат Абдуллаевдин иши: Мамлекетке 800 млн сому алынды

«Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээлеринин бири Журат Абдуллаевдин иши боюнча мамлекетке 800 млн сомдон ашык каражат алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин Журат Абдуллаевге Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

УКМКдан белгилешкендей, бул иш боюнча айыпталуучунун демилгеси менен ага тагылып жаткан күнөөнү мойнуна алуу тууралуу келишим тузүлгөн. Иш тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

12-сентябрда соттун чечими менен Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айып пул салынган.

Ошондой эле бул иштин алкагында алынган чет элдик жана улуттук валютадагы 800 млн сомдон ашык акча, курал-жарактар, ок-дарылар, аскердик техниканын келип чыгышы тастыкталбагандыктан, мамлекеттин эсебине алынган.

Курал-жарактар ИИМдин карамагына өткөрүлсө, акча каражаттары республикалык бюджеттин эсебине которулган.

Эскерте кетсек, өткөн айда УКМК курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүрүүгө шектеп «Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Журат Абдуллаевди кармаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>