Кеминде психиатриялык оорукана саркынды сууну арыкка төккөнү үчүн айыпка жыгылдыПакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылдыДепутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштады
Токаев кыргыз элин жана Жапаровду Эгемендик күнү менен куттуктады
31.08.2023 | 11:19
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин жана президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 32 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу казак президентинин маалымат кызматы билдирди.
“Азыркы Кыргызстандын жетишкендиктери Казакстанда зор кубануу менен кабыл алынат жана биздин ар тараптуу кызматташууну достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо рухунда мындан ары да өрчүтүүгө көңул бурулат. Биргелешкен иш-аракеттин аркасы менен кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгы боордош элдердердин өсүп-өнүгүүсү үчүн бекемделе берерине ишенемин”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом