Бишкекте 92 метрлик айланма дөңгөлөгү бар «Асман Парк» ачылдыКыргызстанда 1,3 миллион тоннадан ашык дан жыйналды — былтыркыдан 190 миң тоннага көпБишкекте сүрөтчү Табылды Коомбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат«Айгүлдү издеп»: Марат Амираев биз билбеген Кыргызстанды тасмага тартуудаКыргызстан ЕАЭБге үч жаңы темир жол жана транспорттук долбоорду сунуштадыЭкстремизмге каршы күрөшүү: Чүйдөгү үйлөрдөн курал-жарак, ок-дарылар табылды
Таласта Казакстанга өтүп кетен 132 баш кой-эчки ээлерине кайтарылды
31.08.2023 | 10:42
Таластын Айтматов районунда Казакстанга өтүп кеткен кой-эчки ээлерине кайтарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-августта милицияга Кайнар айылынын үч тургуну кайрылып, Курт-Булак жайлоосунда жайылып жүргөн 130 баш кой жана 2 эчки жок болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган факт милицияда каттоого алынган. Жерине барган милиция кызматкерлери койлор кыргыз-казак чек арасы аркылуу Казакстанга өтүп кеткенин аныктаган. Ага байланыштуу Айтматов райондук милициясынын башчысы Алмазбек Төлөбеков Казакстандын Жамбыл облусунун Жуалы райондук полициясынын башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 130 баш кой жана 2 эчки кайтарылып, ээлерине тапшырылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом