КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Токаев Кыргызстанга келди
26.05.2022 | 11:03
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
«Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө», — деп айтылат мамлекет башчынын маалыматында.
Ошол эле учурда Евразия экономикалык биримдигинин пленардык жыйынына өлкө лидерлери да видеоконференция аркылуу катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат