Кыргызстандык футболчу кыз Түркиядан депортацияланган

Кыргызстандык футболчу кыз Түркиядан депортацияланган

Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер  курамасынын оюнчусу Бактыгүл Токтоболотова маянасы төлөнбөй, Түркиядан депортация кылынган. Бул тууралуу ал Кыргызстандын кесипкөй футболчуларынын ассоциациясына берген маегинде билдирди.

«Мен акыркы жылдары Түркияда ойноп келгем. Былтыр сентябрь айында Түркиянын Суперлигасындагы «Аташехир Беледиеспор» клубуна өткөм. Ал убакта клуб кийинки сезон үчүн Суперлигадагы ордун сактап калуунун аракетин көрүп жаткан. Мен командага жардам берип, бир гол киргизип, бир ассист жасагам. Баары жакшы эле болуп, команда Суперлигада калып, тапшырма аткарылгандай болгон. Бирок маселе жаралып, мага маянамды төлөбөй, убадаланган Түркияда жашап турууга уруксат кагаздарын жасап беришкен жок. Соңунда мени жөн эле депортация кылып коюшту», — дейт ал.

Токтоболотова башка өлкөнүн чемпионаттарында ойноону каалагандар алданып калбашы үчүн контрактка көңүл буруп, клуб менен иштегенге өкүлү болушу керектигин айтты.

«Контракттын юридикалык күчү болгон эмес. Мени жөн гана алдап кетишти. Мен футбол жөнүндө гана ойлоп, кагаздарга кош көңүл карап койгом. Ошондуктан башка чемпионатка бара жатсаңар, клуб менен иштеген өкүлүңүз, агентиңиз болушу өтө маанилүү.

Бардык кесиптештериме эскертип коеюн, контрактка кол коюп жатканда кош көңүл мамиле кылбаңыз. Бул сизди ашыкча көйгөйлөрдөн сактайт», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>