Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды

Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы пара менен кармалды

Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалган прокурордун жардамчысы А.К. аттуу жарандын кытай улутундагы күйөөсүө кылмыш ишин козгоюм деп коркутуп 15 миң доллар пара талап кылган. Ал бул ишти шаардагы өнөр жай ишканасынын кызматкери менен алдын ала келишип алып атайын уюштурган.

Прокурордун жардамчысы АК. аттуу адамдын Кыргызстандын аймагынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алганын айтып, материалдарды тергөө органдарына өткөрүп, күйөөсүн депортация кылуу менен коркуткан.

Шектүүлөр ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, 14- августта кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бул факты «Пара талап кылуу» беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндөрүш иштери башталды.
 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>