Токмокто дайынсыз жоголгон эне-бала изделүүдө

Токмокто дайынсыз жоголгон эне-бала изделүүдө

Ушул жылдын 11-январь күнү саат 14:00дөр чамасында Токмок шаарындагы үйдөн чыгып кетишкен 1993-жылы туулган Сытина Анастасия Игоревна жана анын уулу 2015-жылы туулган Евгений Анатольевич Дьяков кайра кайтып келишкен эмес. Алардын дайынсыз жоголгондугу боюнча милицияга арыз менен 1985-жылы туулган Анатолий Дьяков кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85 Чүй ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, (0312) 60 -73-63, 0501 900065 Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү.

Белгилери:

Анастасия — бою 170 см, чачы кара күрөң. Ал кара күрмө, коңгуроолуу кызыл шляпа кийип жүргөн.

Евгений — бою 110 см, чачы кара сары. Ал кара спорттук шым жана кара көк түстөгү кышкы куртка кийип жүргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>