Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Токмокто эки унаа сүзүп кеткен 6 жашар бала мерт кетти
08.08.2022 | 09:33
Чүй облусунда жол кырсыктын кесепетинен 6 жаштагы бала каза болду. Бул маалыматты Чүй ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн тастыкташты.
Маалыматка караганда, жол кырсык 7-августта саат 17:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 58-чакырымында катталган.
“Гавайи” эс алуу борборунун жанынан 2016-жылы туулган Н.И.Н. аттуу бала жолдон чуркап чыккан. Аны 2002-жылы туулган М.С.Ш. аттуу жаран башкарып бара жаткан “Хонда Степвагон” унаасы сүзүп кеткен.
Бала ыргып кеткенден кийин, аны жолдо бара жаткан “Киа Рио” үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Жабырлануучу бала ошол жерде каза болгон”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом