Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Россияда Кыргызстандын 2 жараны каза болду
08.08.2022 | 09:15
Москва шаарынын Люблино районунда Кыргызстандын 2 жана Тажикстандын 1 жараны каза болду. Бул тууралуу “РИА Новости” жазды.
Маалыматка караганда, 7-августта Москванын түштүк-чыгышындагы Люблино районунда 13 жумушчу коллекторду тазалап жатып катуу жаан маалында канализация шахтасында калып, суу бир нече кишини агызып кеткен. Алардын ичинен 5 киши жер алдынан өз алдынча чыкса, бешөөнү куткаруучулар алып чыккан. Калган үчөө жоголуп кеткен.
Алгач жоголуп кеткен адамдардын биринин, андан кийин экөөнүн сөөгү табылган.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, каза болгондордун экөө Кыргызстиандын, бирөө Тажикстандын жараны. Каза болгондор 20, 21 жана 23 жашта болгону айтылууда.
Бул окуя боюнча прокуратура териштирүү иштерин жүргүзөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом