“Бала-Саруу” ГЭСинин 1-агрегатынын курулушу 1-августта башталат

“Бала-Саруу” ГЭСинин 1-агрегатынын курулушу 1-августта башталат

Талас облусундагы Киров суу сактагычына салына турган “Бала-Саруу” ГЭСинин биринчи агрегатынын курулуш иштери 1-августта башталат. Бул тууралуу президенттин Таластагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган ГЭСтин курулуш иштерин “Чакан ГЭС” АККсы жүргүзөт. Анын курулушуна 1 млрд 950 млн сом кетери болжолдонууда. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, учурда Каржы министрлиги аталган каражатты “Чакан ГЭС” АККсы эсебине которуп берген.

“Бала-Саруу” ГЭСине кубаттуулугу 25 мегаваттка жеткен үч генератор орнотулат. Ал жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. ГЭСтин биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке кирет.

Белгилей кетсек, Киров суу сактагычынын курулушу 1965-жылы башталып, 1975-жылы аяктаган. Анда топтолгон сууну сугат иштери үчүн Талас облусунун тургундары жана коңшу Казакстан колдонуп келет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-августундаТалас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салгандыгы маалымдалган.  

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>