ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Токмокто жол кырсыгынан бир киши өлдү
23.05.2022 | 10:10
Чүй облусунун Токмак шаарында жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Тойота Ипсум жана Хундай Портер үлгүсүндөгү эки унаа кагылышып, анын кесепетинен 48 жаштагы эркек киши ошол жерден каза болуп, дагы төрт адам жабыркаган.
Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом