Пробация департаментинин башчысы менен Алтынбек Сулайманов жолугушту — сүрөт

Пробация департаментинин башчысы менен Алтынбек Сулайманов жолугушту — сүрөт

Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин, эсеп жана мониторинг башкармалыгынын башчысы Толубай Джакишев Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен жолугушту. Жолугушуу 19-майда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Пробация департаменти менен Ысык-Көл облусунун администрациясынын ортосундагы мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды.

Толубай Жакишев өз кезегинде Ысык-Көл облусунун администрациясына Пробация институтун өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Аймак аралык башкармалыгына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгына, Ысык-Көл облусунун администрациясы тарабынан кызматтык бөлмөлөр бөлүнгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>