Орусияда издөөдө жүргөн 24 кыргыз жараны кармалды

Орусияда издөөдө жүргөн 24 кыргыз жараны кармалды

Ички иштер министрлигинин РФдагы өкүлчүлүгүнүн активдүү жардамы менен өз мекенинде издөөдө жүргөн жана республиканын чегинен тышкары чыгып укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Москванын жана Россия Федерациясынын башка шаарларынын аймагында Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талап-тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, кредит төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында 1989-жылы Чүй облусунда туулган Б.Р. аттуу жаран кармалган. Ал 2018-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

КР Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн Активдүү көмөгү менен 1977-жылы Ош облусунда туулган М.А. аттуу мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалган. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2021-жылдан баштап сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КЖКнын 266-беренеси боюнча (бейбаштык) изделип келген (КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы).

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издеөөдө жүргөн 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Э.А. аттуу жаран кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө болгон. Узак убакыт бою чет өлкөдө жашынып жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.

1990-жылы Жалал-Абад облусунда туулган О.Ч. аттуу жаран кармалган, Ал, Сузак РИИБ тарабынан 2009-жылы КЖКнын 167-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, издөөдө жүргөн.

1982-жылы туулган коңшу республикалардын биринин жараны кармалды, ал Чүй облусунун Сокулук РИИБ тарабынан 90-берене (сыноо мөөнөтүнүн ичинде жүктөлгөн милдеттерди аткарбоо) боюнча камакка алынып, Москва шаарынын Тергөө абагына отургузулган, учурда экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

1991-жылы Ош облусунда туулган Т.К. аттуу жаран кармалган, ал КЖКнын 297-беренеси (жол кыймылынын эрежелерин жанаавтомототранспорт каражаттарын бузуу) каралган кылмыштын курамынын белгилери боюнча Ош облусунун Өзгөн РИИБ тарабынан изделип жатат (КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы). Ага карата 2021-жылы мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, издөөдө жүргөн.

— 1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ал 2010-жылы Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан, КЖКнын 234-беренеси менен (курал колдонуу менен коштолгон бейбаштык) козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланды.

— 1989-жылы  Жалал-Абад облусунда туулган, Сузак РИИБ тарабынан изделген М.Д. аттуу жаран кармалган. Ал 2007-жылы КЖКнын 359-беренеси менен (кызмат ордун өзү билип калтыруу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Издөө демилгечисине кабарланган.

— 1973-жылы Жалал-Абад областында туулган, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ тарабынан 2016-жылдан тартып, КЖКнын 166-беренеси (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында изделип жаткан жарандын жайгашкан жери аныкталган.

— Ысык-Көл облусунун Каракол ШИИБ тарабынан 2014-жылы КЖКнын 304-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы боюнча) козголгон кылмыш иши боюнча изделип жаткан 1979-жылы Ысык-Көл облусунда туулган С.Ж. жашап жүргөн жери аныкталган. Издөө демилгечисине кабарланды.

— Ош облусунун Кара-Суу РИИБ  тарабынан КЖКнын 200-беренеси (турак жайга кирүү менен алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө уурулук, КР КЖКнын 2017-жылдагы редакциясы) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында изделип жаткан 1996-жылы Ош облусунда туулган Т. уулу А., кармалган. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Издөө демилгечисине кабарланды.

-2009-жылдан тартып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1983-жылы Бишкек шаарында туулган, П.И. кармалган. Ал Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ тарабынан КЖКнын 166-беренеси  менен (алдамчылык ири өлчөмдө жасалган) козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн (КР КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы боюнча). Издөө демилгечисине кабарланды.

-1967-жылы Чүй облусунда туулган Ч.Г. аттуу жарандын турган жери аныкталган, ал 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан, кредиттер боюнча карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн изделип келген. Издөө демилгечисине кабарланды.

Бул иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү жана укук бузуучуларды издөө жарыялаган Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери менен бирге маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында ийгиликке ашкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кылмыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>