Орточо айлык менен 10, 15 жана 20 миң долларлык унаага канча жыл акча топтоо керекКыргызстанда балдардын канындагы коргошунду аныктоо үчүн лаборатория ишке киргизилет«Торт» менен «ханбийкесиз»: КР колуктулары кайсы көйнөктү тандашат?Базар-Коргондо алдыдагы жылдары 2 млрд сомго жакын жаңы долбоорлор ишке ашырылатАвгустта Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү $269,6 млн түздүМинистрлик: Кыргызстанда тогуз айда 23 эне өлүмү катталды
Токмоктун мэри Самаев июнга чейин камакка алынды
19.04.2023 | 20:55
19-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевди камакка алды. Ал 1-июнга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.
Анын жактоочусу Кымбат Жекшен кызы журналисттерге бул чечим боюнча жогорку инстанцияга даттанарын билдирди.
Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.
17-апрелде ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат