Токмоктун мэри Самаевге сөгүш берилди. Президент кимдерди кызматтан алды?

Токмоктун мэри Самаевге сөгүш берилди. Президент кимдерди кызматтан алды?

Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу,  төмөн баа алган жетекчилердин катарына киргендигинен, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлеринин 2022-жылга аткарылган иштери жөнүндө отчетторун кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын чечимине ылайык президент төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

— Матанбаев Жамшит Кадырович Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду;

— Анаркулов Бактибек Кочкорович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматынан бошотулду.

 Ошондой эле сөгүш алгандар:

— Жумаев Алайбек Мусаевич — Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Бектемиров Келсинбек Базаркулович — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри;

— Самаев Урматбек Обозбекович — Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри.

 Мындан тышкары, эскертүү алгандар:

— Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович — Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Ногоев Турусбек Молдобекович — Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Тагаев Мураталы Абдыкарович — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими;

— Жээнбеков Досмамбет Аматович — Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык төмөндөгүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

— Абдугулов Бактыбек Нурбекович — Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары;

— Баялиева Зина Кадыркуловна — Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары;

— Сатаров Данияр Сатарович — Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары;

— Султангазиева Гулжамал Абалиевна — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин орун басары

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>