Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Токтогул суу сактагычында 9 млрд 318 млн куб метр суу калды
13.02.2025 | 12:29
Бүгүн, 13-февралга карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 318 млн куб метр суу калды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.
Суу сактагычка секундасына 172 куб метр суу агып кирип, 741 куб метр суу агып чыгууда.
Былтыр ушул эле күнү суу сактагычта 8 млрд 720 млн куб метр суу болгон. 172 куб метр агып кирип, 589 куб метр агып чыгып турган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом