Басенжи — үргөндү билбеген ит

Басенжи — үргөндү билбеген ит

Сиз үргөндү билбеген иттерди аз же такыр көрө элек болсоңуз керек. Себеби айылдардагы биз билген иттер короо кайтарып, үйдү чоочун кишилерден коруп турат. Ошентсе да дүйнөдө үргөңдө билбеген иттер да жок эмес.

Үргөндү билбеген иттердин бири Басенжи болуп саналат. Алар иттердин байыркы тукумуна кирип, болжол менен 5 миң жыл мурда борбордук Африкада пайда болгон.

Айрым маалыматтар боюнча, бул иттер Байыркы Египетте кадырланып, алар фараондорго сыйга тартууланып келген. Алар бул иттерди ардактап, тумар катары санашкан.

Африкадагы айрым мамлекеттерде басенжи азыркы күнгө чейин аң уулоодо колдонулуп, аңчылык жөндөмү үчүн бааланып келет.

Басенжи тазалыкты жактырган жандык. Ошентсе да ал сууга түшкөндү жакшы көрбөйт. Алар мышыктар сыяктуу жуунуп-тазаланып турушат.

Басенжинин эмнеге үрбөй калганы тууралуу алар жашаган эл ичинде көп уламыштар айтылат. Илгери алар адамча сүйлөй алган кезде басенжи иттеринин башчысы бир уруунун сырын билип калат. Сырды эч ким угуп-билбеши керектигин түшүнгөн макулук бул тууралуу бир да жанга ооз ачпасын айтып, убада берет. Ошондон кийин сыр жашырган бул иттер сүйлөбөй да, үрбөй да калган экен.

Дагы бир уламышта айтылгандай, басенжи иттери бир элдин купуясын билип калат. Аны билип калган адамдар бакшыга кайрылып бул иттерди унчукпас кылып дубалатып салышат. Ошентип басенжи тукуму адамча сүйлөй албай же иттердей үрө албай калат.

Ал эми анын чынында үрө албаганынын себеби катары кекиртегинин түзүлүшүнөн улам экени айтылат.

Басенжи үрүп, каппаганы менен ырылдайт, толкунданганда уулуган, кыңшылаган үн чыгарат. Анын дагы бир өзгөчөлүгү чекесиндеги кабактары бырыш тартып, кулактары тик, куйругу кайрылып турат.

Басенжи иттери карала, кызылала, үч ыраңдуу, кара тактуу жээрде өңүндө болушат. Бирок, кандай гана түстө болбосун аяктары, көкүрөгү жана куйругунун учу ак болот. Басенжи төлдөгөндө 3-5 күчүк тууйт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Басенжи

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>