Токтогулда Жалпы медициналык борборунун башчысы кармалды

Токтогулда Жалпы медициналык борборунун башчысы кармалды

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

МАалыматка караганда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборундагы коррупциялык схеманын бети ачылып, анын натыйжасында мамлекетке 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилгени ачыкталды.

Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун башчысы Ж.А. кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, жеке пайда көрүү максатында подрядчы тарабынан келишимдин шарттарын иш жүзүндө аткарбаган иш актыларына кол койгон.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, өзүнө же башка адамдарга же башка жеке кызыкчылыктарга пайда алып келүү максатында) каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган Ж.А. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>