Токтогулда жаш жигит өлтүрүлдү. Шектүүлөрдүн бири — эжеси

Токтогулда жаш жигит өлтүрүлдү. Шектүүлөрдүн бири — эжеси

Жалал-Абаддын Токтогул районунда 23 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелип эжеси жана анын жигити кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-май күнү болжол менен саат 09:00до Токтогулдун Чычкан капчыгайындагы кафелердин биринин тапчанында киши колдуу болгон 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылган.

Окуя жерине райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу, жетекчилиги барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Токтогул районунун 20 жаштагы Ж.Б. жана 32 жаштагы М.Ж. (аял киши) аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, маркум шектүү катары кармалган 32 жаштагы М.Ж. аялдын бир тууган иниси болгон. Айрым маалыматтарга караганда, маркум кылмышка шектүүлөр жакын мамиледе болуп жүргөнүнө күбө болуп калгандан кийин киши колдуу болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>