Балыкчыда муз астына кирип кеткен бир тууган балдарды куткарган милиционер сыйланды

Балыкчыда муз астына кирип кеткен бир тууган балдарды куткарган милиционер сыйланды

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында көлмөдөгү муз астына түшүп кеткен эки баланы куткарып калган милициянын улук лейтенанты Амантур Бакиров “Каармандык” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу облустук милициялдан билдиришти.

Балдарды куткарган милиция кызматкерин сыйлоо тууралуу буйрукка ички иштер министри кол койгон. Сыйлыкты алууга Амантур Бакиров атасы — ИИМдин ардагери болгон отставкадагы милициянын подполковниги Кермакун Давлетбаев менен барган.

Сыйлыкты министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов тапшырган. Бийбосунов Амантур Бакировго чың ден-соолук, иштерине ийгилик, жумушунда эң бийик жетишкендиктерге жетүүнү каалаган.

«Сиздин атаңыз күбө, бул сыйлыкты он жылдан ашык тажрыйбасы бар кызматкерлер алышчу. Бирок сиз жаштыгыңызга карабай, жан аябас каармандык менен болгон ишиңиз үчүн бул сыйлыкка татыктуусуз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 8-январда Балыкчыда 10 жана 12 жаштагы эки бир тууган тоңгон көмөлдө коньки тээп жүргөндө муз жарылып, сууга түшүп кетишкен. Бул тууралуу милицияга кабарланып, Амантур Бакиров кесиптештери менен балдарга жардамга барган. Амантур Бакиров дароо сууга кирип, эки бир тууганды куткарган.

Облустук милициядан белгилешкендей, аталган окуя Амантур Бакиров адам өмүрүн куткарып калган биринчи учур эмес. Ал буга чейин сууга чөгүп өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>