Бишкек – Ош жолунда бензовоз өрттөнүп кетти, жабыркагандар бар

Бишкек – Ош жолунда бензовоз өрттөнүп кетти, жабыркагандар бар

Бишкек – Ош унаа жолундагы кырсыктан төрт адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ӨКМге Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык катталган аймакка өрттү өчүрүүгө саат 14:29да Кара-Балта шаардык №22 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:38де авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн.

Тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле «Мерседес-Бенц» жана «Хонда-СРВ» жеңил унаалары күйгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>