Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголду
Төө-Ашууга кар жаады. Жол милициясы айдоочуларга кайрылды (видео)
20.10.2023 | 16:35
Бүгүн, 20-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, Төө-Ашуу ашуусунда жаан карга айланып жаап жатканына байланыштуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.
Чүйдүн жол милициясы «Бишкек-Ош» унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, алдыда бараткан унаа менен болгон аралыкты сактоо жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоо керектигин эскертет.
Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы Бишкек — Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом