Тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Тоолуу аймактарда кар жаайт. Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 жана Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы ​түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30 градуска жетет.

​Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>