Бишкектен Баткенге авиакаттам көбөйтүлүп, билет баасы арзандады

Бишкектен Баткенге авиакаттам көбөйтүлүп, билет баасы арзандады

Бишкектен Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттам көбөйтүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Облус башчысы күн мурун «Тез Жет» авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолуккандыгын айткан. Анда Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана билеттин баасын түшүрүү боюнча талкуу болгон. Жыйынтыгында аталган авиакомпания «Манас» аэропортунан Баткен шаарына жумасына эки жолу каттамай болгон.

Тактап айтканда, Баткен шаарына жумасына эки жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына үч жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлөт. Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи аба каттам 13-сентябрдан (шаршемби) башталат.

Ал эми авиабилеттин баасы бүгүнкү күнгө чейин 6 000 сом болуп келген болсо, мындан ары Баткен жана Раззаков шаары 5 750 сомго чейин болот. Андан бир тыйын да ашпашы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>