Тоолуу Бадахшанда диверсияга даярдык көргөн деген шек менен ондогон тургун кармалды

Тоолуу Бадахшанда диверсияга даярдык көргөн деген шек менен ондогон тургун кармалды

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) диверсияга даярдык көргөн деген шек менен Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Язгулям өрөөнүнүн бери дегенде эле 50 тургунун кармады. Бул тууралуу Pamir Inside жана Azda TV басылмалары өз булактарына таянып кабарлашты.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, аймактагы Жамак жана Андарбак айылдарынын жашоочулары 16-майда эле кармала баштаган. Андан бери аталган калктуу конуштарда кеминде 35 киши кармалганы кабарланды.

«Эң аз дегенде эле Жамак айылынын 20, Андарбак айылынын 15 тургунун кармап, Душанбеге алып кетишти. Андан бери алар жөнүндө эч кандай маалымат жок. Жалпысынан жалпы өрөөн боюнча 50гө жакын киши кармалды», – деп билдирген Pamir Inside басылмасынын маектеши.

Azda TV УКМК кызматкерлери кармалгандардан курал-жарак издеп, аларды аймакта диверсия жасоого даярдык көргөн деп айыптаганын жазды.

«Язгулямдыктардын эң таасирдүү лидерлеринин бири эсептелген Лайлиев Дилбаршону Орусиядан келери менен кармап, уулу жана башка кармалгандар менен чогуу Душанбеге алып кетишти», – деп билдирди басылманын маектеши.

ЖМКлардын булактары белгилегендей, Тоолуу Бадахшандагы кармоолордун максаты – аймактын «таасирдүү лидерлерин сындыруу» болгон.

Тажикстандын УКМКсы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун батыш бөлүгүндөгү бул кармоолор боюнча расмий комментарий берген жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Тажикстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>