Оштогу «Манас-Ата» кафеси бузулуп жатат (видео)

Оштогу «Манас-Ата» кафеси бузулуп жатат (видео)

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси бузулуп жатат. Бирок азыр анын муниципалдык аймакка курулган бөлүгү гана алынууда.

Имараттын ээси кайра сотко даттангандыгына байланыштуу ишти кайра кароо күтүлгөндүктөн «Манас-Ата» толугу менен бузулбайт.

«Иш бир тараптуу каралып калды. Документти боюнча ресторан эмес үй болуп жазылган. Биз кайра каттоого үлгүргөн жокпуз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, март айында Жогорку сот аталган коомдук тамактануучу жайды бузуу боюнча чечим чыгарган. Мэриянын маалыматында, кафе 1,7 миң жер аянтына мыйзамсыз курулган.

Кафенин мыйзамсыз иштеп жатканын өткөн жылы «НЕ САХАР» теледолбоорунун журналистти менен болгон чырдан кийин маалым болду.

Анда кафенин админстратору журналисттерди өзбек тилин билбейсиң деп күнөөлөгөнү коомчулукта нааразылыкты жараткан.

Оштогу жаңжалга кабылган “Манас-Ата” кафеси убактылуу жабылды (ВИДЕО)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кафе Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>